ТАРТИПКЕ САЛУУ АСКЕР БӨЛҮГҮНДӨ КАРМОО – жазанын түрү; КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө колдонулат, ошондой эле сот иштин жагдайларын жана соттолгон адамдын алабалын эске алып, 2 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасын ошол эле мөөнөткө тартиби катуу бөлүктө кармоо менен алмаштыруунун зарыл деп тапкан учурда колдонулат.
ТАРТИПКЕ САЛУУ БАТАЛЬОНДОРУ – соттун чечими боюнча оор эмес кылмыш иштерин кылышкан аскер кызматчылары жөнөтүлүүчү атайын аскер бөлүктөрү. Жабык түрүндөгү түзөтүү мекемеси.
ТАРТИПКЕ САЛУУ КАПАСЫ – тарбиялоочу абактардагы тартип бузуучулар кармалуучу камералар. Айып капасынан (жазажай ) өзүнүн бошоңураак шарттары менен айырмаланат. (м.; Т. с. к-да 10 гана күн кармалса, кармакжайда 15 күнгө чейин).